"ACT Airlines" компаниясы авиакырсыктан жабыркагандарга компенсация төлөп берүү маселесин карап жатат

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов авиакырсыкты изилдөөчү комиссиянын жетекчилиги менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга Түркиянын Транспорт жана деңиз иштери боюнча министрлиги, Жарандык авиациялык дирекциясынын башкы директору Ялчин Хайдар катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн өкүлдөрү каза болгондордун жакындарына көңүл айтышты.

"Жыйында Түркиянын премьер-министри жана Транспорт жана деңиз иштери боюнча министрлиги окуяны өз көзөмөлүнө алары айтылды. Учурда жашоочуларга келтирилген зыянды аныктоо жана чыгымдарды эсептөө боюнча иш жүрүүдө. Жолугушууга түркиялык тарап Кыргыз Республикасынын алдында болгон бардык милдеттерин аткарарын билдирүү үчүн келген", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, "ACT Airlines" жана камсыздоо компанияларынан кырсыктан жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына компенсация төлөп берүү маселеси каралып жаткандыгы тууралуу кат келген. Мамлекеттик комиссия жабыркагандар тууралуу маалыматты берсе эле компенсация төлөө мүмкүнчүлүктөрү башталары маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kroxa
2017-01-26 20:14:57
Ортодон жеп ичпей,туз жетсе болду жабыркагандарга..
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан