Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ачылган бирдиктүү эсепке бүгүнкү күндө саат 17:00гө карата 33 миллион 152 470 сом 2 тыйын которулду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Эскерте кетсек, 26-январда саат 11:00гө карата чогулган каражаттын эсеби 32 миллион 062 437 сом 67 тыйын болгон.