Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарынын кире беришиндеги флагштоктун ордуна башка конструкция коюлат же парашют кездемесинен желек тигилет. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда SUPER.KG порталына Балыкчы шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиев билдирди.
"Биздин шаарыбыздын катуу шамалы баарына белгилүү. Жөнөкөй кездемеден тигилген желек шамалга чыдабай айрылып жатат. Бул флагштокту курулуш компанияларынын бири орнотуп, кошумча дагы желектерди берген. Тилекке каршы, андан бери желек кайра-кайра айрыла бергендиктен, улам алмаштырып жаттык. Акыркы жолу айрылган желекти алып, эки вариантты карап баштадык. Азыр илип койсок кайра айрылып, шаардын көркү бузулат. Эми парашют кездемесинен желек тиктиребиз же анын ордуна парус түрүндө конструкция орнотуп, флагштокту далдоо жерге көчүрөбүз", - дейт Бейшеналиев.
Учурда башка өлкөлөрдөн шамалга бышык кездемелер каралып жатканын кошумчалады мэриянын басма сөз катчысы.
Эскерте кетсек, бүгүн, 26-январда окурман "Элдик кабар" рубрикасына флагшток желексиз турганын билдирген.