Боинг 747 учагынын төртүнчү экипаж мүчөсүнүн өздүгү аныкталды, сөөгү бүгүн Түркияга жиберилет

16-январда кыйраган Боинг 747 учагынын 4-экипаж мүчөсүнүн өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-январда билдирди.

"24-январда Түркиядан келген адис жана Республикалык соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматкерлери ДНК анализин жүргүзүү үчүн сөөктөн биологиялык материал алышкан. Ал Түркияга жиберилип, анализ жүргүзүлгөн. Бүгүн, 26-январда ДНК-изилдөөнүн жыйынтыгы белгилүү болду. Жыйынтыгында болжолдонгон 4-учкучтун сөөгүнүн ДНКсы анын тууганыныкы менен бирдей болуп, "бир эле атанын тукуму болушу мүмкүн" деген аныктама берилген", - деп айтылат маалыматта. 4-учкучтун сөөгү бүгүн түнгө маал Түркияга жиберилери маалым болду.

Эскерте кетсек, 16-январдагы каргашалуу окуя 35 жергиликтүү тургундун, 4 экипаж мүчөсүнүн өмүрүн алып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Aldyiar
2017-01-26 20:17:42
Атамбаев бугун жабыркаган элдер менен жолугуптур миш, бул кунго чейин эмне кылып журду, ХХХ боптурбу же башы орууп жаткан окшойт кытайлардын уйундо, уяты жок, дагы президент миш, ким сыйлайт Атамбаевди президент деп.
+28
Seiil.94
2017-01-26 20:56:06
Aldyiar,озуно озу президент
+14
surgeon777
2017-01-26 23:32:00
Seiil.94,жок,ал Кыргыз Республикасынын Президенти!Силер кааласанар-каалабасанар да,так что**********
-14
Namystan
2017-01-26 21:36:41
Aldyiar, сен киши коро албаган, эл бузаар адам экенсин
-25
Aldyiar
2017-01-26 21:50:04
Namystan,Кечиресин тууган мени, мен болгон нерсени болгондой эле жаздым жана адамды бузуткан жокмун. Президент башында кол койуп ант берген. Ар дайым эл менен бирге болуш керек, элдин башына кыйынчылык келгенде бирге жанында болуш кереки абзел.
+13
akubeku
2017-01-27 08:26:20
Namystan,бул инсанда өзүнүн ойун айтып жатат эч ким эч нерсени көрө албайт эмес
+4
surgeon777
2017-01-27 00:19:13
Aldyiar,сен арак куюп журдунбу чогуу Кытайда же похмелин жазып журдун,оозго келгенди оттобостон ар ким озунун иши менен алек болушу керек,ошондо онугобуз,анкайып бир адамды андып отуре бербей...
-5
zaman2
2017-01-26 21:25:46
Аа кчиресиздер
+2
Shekeev969798
2017-01-26 21:39:03
Днк аныктап отургудай ал селсаяк эмес да! ал экипаж! кантип билишпейт ал самалетто кимдер болгонун!!!!
-3
aseras
2017-01-26 22:09:33
Shekeev969798,тушунбодун окшойт 4 экипаж болгон.3 су жерге берилди ал эми бироосу катту жаралкат алган мучолору чачылып кеткен колдору буттары,бир эле аныкы эмес коп адамдардын дене мучосу чачырап кетиптир эми ошончо мучоодон кимдики экенин таап,таныш кыйын да ошонго днк кылган.
+5
chika.aisu
2017-01-26 21:52:03
Самолёт учуканы атканда кимдер самолётто кетет жазылса керек документтери
+2
KG.Kushtarbek
2017-01-26 22:19:00
не 38 адамдын соогун експерттер Тез еле таап уже жерге берилди. А булар болгону 4 адам болгон еми експерттер аныктадывы Ким екенин
-4
Bubu88
2017-01-27 01:03:29
Канча күндөн бери эле какшап айтып атышты го адамдар буту колу үзүлүп кайсы мүчө кимге таандык экени аныкташ кыйын болуп жатат деп башы бир бөлөк колу буту бир бөлөк болуп таанылгыс болуп калса билишпейт да
+1
Usow
2017-01-27 04:36:42
Давно жибердик дагы бир екипажлдын соогу убактынча кыргызстанда сакталып турат текшеруулордон соң аны да туркияга жонотушобуз деген эленерго
-2
admin_portal
2017-01-27 09:39:09
zaman2, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
0
tynara81
2017-01-27 09:42:18
4 учкуч болсо, үчөө жиберилген. Демек бирөө таанылгыс болуп күйүп калса керек. Кыргызстандыктардын чачылган, күйгөн сөөктөрүн туугандары, тааныштары жашаган жеринен, жанындагы сөөгү таза адамдарга карап таанып, алып кетишип жерге берди да. Бул төртүнчү учкуч да күйүп калган болсо, ДНКга текшерилип , жыйынтыгы чыгыптыр экен. (Түшүнбөй аткандар үчүн)
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан