Бишкектеги Юлиус Фучик менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак үйлөрдүн бири урачудай абалда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Сүрөттөгү 5 кабаттуу үйдүн абалы начар. Жашоочулары тийиштүү органдарга кайрылдыбы же жокпу билбейм. Мамлекет деле, мүмкүн, билбейт, балким, эскертүү берген чыгар. Бардык нерсенин алдын алган жакшы. Бюджеттин кызыкчылыгына караганда жарандардын коопсуздугу маанилүү деп билем", - деген окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.