2016-жылы Ысык-Көл облусунда өнөр жай жана айыл чарба багытында жакшы жылыштар болду. Бул тууралуу 26-январда облустук администрациянын коллегиялык жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. Өкмөт мүчөсү облуста салык чогултуу иши талаптагыдай эместигин да белгиледи. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери бүгүнкү жыйында айтылган сын-пикирлерди эске алып, алдыда мындай фактыларга жол бербөө боюнча комплекстүү иш-чаралар планын иштеп чыгуусу зарыл", - деди Разаков.
Былтыркы жыл маданий иш-чараларга бай болгондугун белгилеп, облус жетекчилигине II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштурууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.