ВИЧке каршы күрөш: Донорлор акча бөлүүнү азайтышты

Кыргыз жеринде ВИЧке каршы күрөшүүгө донорлор тарабынан берилген акчанын көлөмү кыскарууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги 26-январда билдиргендей, мындан улам ВИЧтин алдын алуу иштерин бюджеттик каражаттын эсебинен каржылоого басым жасалып жатат. 2015-жылы аталган министрлик тарабынан кошумча 2 миллион сом бөлүнгөнү айтылат маалыматта. 1 миллион сому ВИЧти аныктоо тест системи үчүн, 1 миллион сому ийнелерди сатып алууга каралган. 2016-жылы өкмөт ВИЧ көйгөйлөрү боюнча программаны ишке ашырууга кошумча 20 миллион сом бөлгөн. ВИЧке каршы күрөшүү программасын негизинен эл аралык уюмдар каржылап келсе, 2016-жылы алар бөлгөн акчанын суммасы кыскарып кеткен. Былтыр бул жааттагы иштердин 60 пайызы мамлекет тараптан каржыланганын билдирет министрлик. Өлкө бара-бара донорлордун жардамынан баш тартары күтүлүп жатканы маалымдалды.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргыз жеринде СПИДден каза тапкандардын саны 1504 адамды түзсө, ВИЧ илдетин алып жүргөндөрдүн саны 6730 адамга жетти (2016-жылдын 1-декабрына карата).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан