Ош шаарында "Суу-канал” муниципалдык ишканасынын дебитордук карызы 21,6 миллион сомго жетти. Мындай маалымат бүгүн, 27-январда аталган ишкананын жыл жыйынтыгы боюнча жыйынында айтылды.
"Ош шаарында таза суу пайдалануучулардын саны 245 584кө жеткен. Жыйындын жүрүшүндө дебитордук карыздарды кыскартуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканы айтылды. 2015-жылы дебютордук карыз 7,8 миллион сомго кыскарган. Ичүүчү таза сууну башка багыттарда пайдаланып жаткан керектөөчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы айтылды", - деп билдирди Ош мэриясынын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын жашоочуларын таза суу менен камсыздоого күнүнө 195,6 миң куб метр суу керектелет. Бүгүнкү күндө Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынан 8,5 миллион евро каражат тартылып, кошумча суу кампалары курулуп, суу түтүктөрү орнотулууда. Мындан сырткары насостук станциялар оңдолуп, суу эсептегичтерин орнотуу аракеттери көрүлүүдө.