Сузак районунда жер көчкүдөн улам келтирилген материалдык чыгым такталып жатат (фото)

Сузак районунда жүргөн жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 65 миң метр куб. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-январь күнү саат 15:30 чамасында Сары-Булак айылында көлөмү болжол менен 65 миң метр куб жер көчкү жүрүп, 2 турак үйдү жана 2 жылкыны басып калган. Ошондой эле 2 турак үй кооптуу абалда калган.

Өзгөчө кырдаал катталган жерде ыкчам топ жана Жарандык коргоо комиссиясы тарабынан иликтөө, өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана адам өмүрүн сактоо боюнча иш-чаралар аткарылып, натыйжада жер көчкү басып калган 2 турак үйдүн жашоочулары туугандарынын үйлөрүнө, ал эми кооптуу абалда калган 2 үйдүн жашоочулары Токой чарба ишканасынын үйүнө көчүрүлгөн. Жалпы 26 адам көчүрүлгөн.

Жер көчкүдөн келтирилген материалдык чыгым такталып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
imanchik
2017-01-27 11:02:32
Бир канча миллиондун башын жейт эми булар)
-4
tyrgon
2017-01-27 22:39:12
мындай проблемадан арыылунун оной жолу кургакчылыка чыдай турган бак дарак сепсе болчудай же тикендуу талдарды деп ойлойм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан