Ак-Сай өрөөнүндөгү малды тоют менен камсыз кылуу иштери улантылууда

Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү малды тоют менен камсыз кылуу иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ак-Сай өрөөнүнө Кында ашуусу аркылуу баруучу жолдун айрым жерлеринде шамал болуп, кар күрткүсү пайда болгондуктан, жол каттамы оорлошкон. Жолду тазалоо иштерине 26-январь күнү №20-Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып, Ак-Муз айылынан баштап Көк-Күмбөз тилкесине чейин тазалап барган. Кар күрткүлөрү көп өлчөмдө болуп, тазаланган жерлерине шамал кайра карды үйлөп, тазалоо иштерине тоскоолдук жаралгандыктан, кайра Ак-Муз айылына кайтып келген. Ошого байланыштуу Ат-Башы-Торугарт-Кында айланма жолун тазалоо иштери мерчемделүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бөлүнгөн 2 унаага тоют жүктөлүп, Ак-Сай өрөөнүнүн Көк-Кыя кыштоолоруна чыгууга даярдык көрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан