Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолу кар көчкүдөн улам жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 27-январга караган түнү Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун Узун-Колот, Чоң-Казык тилкелеринде 5 жерден көлөмү болжол менен 5 миң метр куб кар көчкү түшкөн. Натыйжада жол жабылган. Жабыркагандар жок. Тазалоо иштерине райондук №26-Жол тейлөө ишканасынан 1 бульдозер, 1 жүктөгүч тартылган.