Ат-Башы районунун учурдагы аба ырайы тууралуу видеону окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу жөнөттү.
"Ат-Башыда суук катуу болуп жаткандыктан, балык кармоочу тор суудан чыккандан кийин 1 мүнөткө жетпей тоңуп калат. Күндүз -25°C болсо, түнкүсүн -40ка чейин түшүп жатат", - дейт окурман.
Ал эми "Кыргызгидромет" кызматынын маалыматы боюнча Нарын облусунда абанын температурасы түнкүсүн -28°C, күндүз -13°C болууда.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.