Кыргыз Республикасы 1992-жылдан тарта эл аралык уюмдар жана демөөрчүлөр менен 372 насыялык жана гранттык макулдашууларды бекиткен. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын отурумунда вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз өлкөсү 25 жыл ичинде алган насыялардын жана гранттардын жалпы көлөмү 9,2 миллиард долларга барабар. "Бул көлөмдүн 6,7 миллиард доллары (73 пайыз) насыялар, 2,5 миллиард доллары (27 пайыз) гранттар", - деди Панкратов.
"Мамлекеттик инвестициялар алкагында эң ири каржылык жардам көрсөткөн уюмдар - Азия өнүгүү банкы, Бүткүл дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду. Эң көп насыя жана грант берген демөөрчү мамлекеттер - Кытай, Орусия, Япония, Корея жана башкалар", - деп кошумчалады чиновник.