Аламүдүн районунун Достук айылына быйыл таза суу жана башка көйгөйлөрдү чечүүгө 4 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда SUPER.KG порталына Пригородное айыл аймагынын башчысы Сталбек Мамбетакунов билдирди.
"Достук айылы буга чейин дача катары пайдаланылып келген. Көчөлөр тар, үйлөр жакын жайгашкан. Айылга социалдык имараттарды курууга жер жок. Айыл статусун алгандан кийин жашоочуларын электр энергия менен толук камсыз кылуу үчүн 12 миллион сомго реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү. Быйыл таза суу чыгарууга жана башка көйгөйлөрдү чечүүгө 4 миллион сом жумшайбыз", - деп билдирди Мамбетакунов.
Маалыматка ылайык, Пригородное айыл аймагында 4 айыл, 5 жаңы конуш бар. Аталган айыл аймактын жергиликтүү бюджети 18 миллион сомго жетет.
"Айылдын четинен жер сатып алып, бала бакча курууну пландап жатабыз, бирок бизде жергиликтүү бюджет аз. Бала бакча, мектеп, дарыкана курууга мүмкүнчүлүк жок. Ошентсе да долбоор жазып, бала бакча куруу аракетин көрөбүз. Ал эми транспорт маселесин тийиштүү кызматтар менен сүйлөштүк. Достук айылы үчүн автобус бөлүнүп берилет. Каттамдын аралыгы 6 мүнөттөн болот", - деп кошумчалады өкмөт башчы.
Эске салсак, буга чейин айыл тургундары 10 жылдан бери суу, жол, транспорт, бала бакча, мектеп, дарыкана көйгөйү чечилбей жатканын айтышкан.