Чиновник эмнеге Кытай Кыргыз өлкөсүнө көп насыя, аз грант берип жатканын түшүндүрө албай койду

"Кытай Кыргыз өлкөсүнө көп насыя, бирок аз грант берип жатат", - деди бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын отурумунда депутат Улан Примов.

Анын айтымында, Кытай Кыргыз Республикасына 2 миллиард 100 миллион долларга жакын насыя жана 72 миллион доллар грант берген. "Гранттын көлөмү 5 пайызга да жетпей жатат. Ал эми эл аралык демөөрчү уюмдар жардам катары бизге көбүрөөк грант берип турушат. Орусиянын да Кыргыз өлкөсүнө берген гранттарынын көлөмү чоң", - деди Примов.

Каржы министри Адылбек Касымалиев депутат көтөргөн маселеге так жооп бере албады. "Кытайдын саясаты ушундай экен", - деп жооп берди чиновник.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Uson13
2017-01-27 11:05:48
Сабатсыз болсо кантип жооп берсин
+4
Asem89
2017-01-27 13:15:31
Берсе да жаман, бербесе да жаман. Эмнеге аз берет деп догурунабыз го тимеле. Же грантты берип турууга милдеттүүбү... Мм...
-1
IbraevaA
2017-01-27 19:33:31
Кытайга бизди сатып жиберишпесе болду
0
tyrgon
2017-01-27 22:01:16
акча алган насыя алганга бул эмне деген ди билдирет Кыргызстанды насыя менен жугон салп алабыз деген саясаты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан