Сот Москвадагы өрттөнгөн “Печатный экспресс” басмаканасынын директору Сергей Москвин жана башкы инженери Антон Яцковдун абактагы мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу 26-январда Орусиянын "Риа Новости" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, алардын абактагы мөөнөтү 27-февралга чейин узартылган. Мындай чечимди Москванын Останкино соту кабыл алган.
Эске салсак, 2016-жылы август айында Москва шаарында басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза тапкан. Алардын ичинен 14 адам Кыргыз Республикасынын жараны болгон. Ал эми аталган адамдар басмаканада коопсуздук эрежелерин толук камсыз кылбаганы үчүн айыпталышууда.