Жогорку Кеңештин 27-январдагы жыйынында өкмөт Кыргыз өлкөсү 25 жыл ичинде алган насыялар жана гранттар боюнча маалымат берүүдө.
Жыйындын жүрүшүндө депутаттар айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевден анын карамагындагы тармак үчүн алынган карыздар канчалык пайда бергенин сурашты.
"Акыркы 5-6 жыл ичинде айыл чарба тармагына бөлүнгөн насыялар жана гранттар өзүнүн пайдасын берди. Мурдагы берилген насыялар боюнча маалымат жок. Алынган насыялар жакшы натыйжасын берди окшойт", - деди Мурашев.
Депутаттар андан эмне үчүн Кыргыз өлкөсү Евразиялык экономикалык биримдигинде туруштук бере албай жатканын сурашты. "Бизге Орусиядан ири буйрутмалар түшүп жатат. Бул буйрутмаларды аткара албай жатабыз. Айыл чарба тармагыбызда кооперациялар түзүлмөйүнчө, туруштук бере албайбыз", - деген оюн билдирди министр.