Министр 25 жыл ичинде алынган насыялардын канчасы пайдалуу жана пайдасыз иштетилгенин айта албады

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын 27-январдагы жыйынында Кыргыз өлкөсү 25 жыл ичинде алган насыялар жана гранттар маселеси каралууда.

Анын жүрүшүндө депутат Мурадыл Мадеминов карызга алынган акча каражатынын канчасы пайдалуу жана пайдасыз иштетилгенин сурады: "Өкмөт алынган карыз канчалык пайдалуу иштетилгени боюнча анализ жүргүзүп жатабы?"

Каржы министри Адылбек Касымалиев бул суроого жооп бере алган жок. "1992-жылдан бери көп насыялар алынды. Ар бир министрликте карыздар боюнча жооп бере турган агенттик болот. Насыя төлөнүп бүткөндөн кийин отчёт бериши керек", - деди министр.

Депутат Мадеминов мындай жоопко канааттанган жок. "Сиз өлкөбүздүн карызы боюнча интернеттен же гезиттен окуп жатасызбы? Карызыбыз 4 миллиард долларга жетип калды. Убагында карызга алынган акчаны жегендер болгон", - деди депутат.

"Насыялардын көпчүлүгү жолдорду курууга, энергетика тармагына бөлүнүп, өз пайдасын берип жатат", - деп кыскача жооп берди Касымалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tansuluu09
2017-01-27 13:09:48
Кантип айтмак эле мынчасы сапатсыз, жарым жартылай буткон жолго.
Каалганы абага учуп кетти , чонтоко кирип кетти да .
+3
A.Alymbek
2017-01-27 13:39:06
Ошол алынган насыянын негизинде пайдалуу иштеп жаткан 1 ишкана же 1 проект болгондо ошону кайра-кайра айтып жооп бермек да. Демек пайдалуу бир да иш буткон эмес.
+4
yasmina_kg
2017-01-27 18:08:00
Ошол акчалардын тенин элге бергенде элдин жашоосу алда канча онолмок.25 жылдан бери эл самовыживание менен жашап келет.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан