Брэд Питт менен Анжелина Жоли тууралуу даректүү тасма тартылды

Голливуд жылдыздары Брэд Питт менен Анжелина Жолинин мамилелери белгилүү америкалык журналист Ян Гальпериндин жаңы даректүү тасмасынын темасына айланган. Анда Гальперин түгөйлөрдүн сүйүү романы жана үй-бүлөлүү учурундагы эл билбеген жаңы маалыматтарды айтарын билдирген. Анын айтымында, актёрлордун үй-бүлөсү Жоли ажырашып жаткандыгы тууралуу 2016-жылдын сентябрында расмий жарыялаганга чейин эле бир жыл мурда бузулган.

"Ян Брэд менен Жолинин жашоосундагы майда-чүйдө окуяларга чейин изилдеп, алардын ажырашуусунун чыныгы себебин таап чыгат", - деп маалымдайт "The Sun" басылмасы.

Ян Гальперин көп жылдар бою Жоли менен Питтин чогуу жашаган жылдарын изилдеп келет. Ал 2009-жылы "Бранжелина. Брэд Питт менен Анжелина Жолинин айтылбаган окуялары" деген бестселлерге айланган китепти чыгарган.

"Алар дагы көпкө чейин бирге болушабы? Мүмкүн эмес го. Жолинин мүнөзү оор, өзүн кармана албай кетет. Алардын мурунку айдоочусунун айткандары актрисанын мүнөзү туруктуу эмес экенин далилдейт", - деп жазган Гальперин 2009-жылы. Ошол эле китепте айдоочунун сөзү жазылат:

"Мен мурун экөөнү дайыма ташычумун. Башында алар бири-бирине абдан сылык, назик мамиле жасашчу. Бирок 2007-жылы алардын мамилеси 180 градуска өзгөргөндөй болду, дайыма уруша башташты. Мен көбүнчө Жолинин эмес, Питтин коопсуздугу үчүн чочулачумун. Жоли коркутуп сүйлөчү, муштумун түйүп атырылганга чейин барчу... Анын мүнөзү кобраныкындай эле".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
akil.91
2017-01-27 14:52:20
Бред Пит
+1
Seiil.94
2017-01-27 15:32:09
байлык бар бирок бакыт жок деген чында
+2
Ymanbekov
2017-01-27 16:39:26
Казак жигит башкы ролдо эмес бекен акыры
+2
Bubu88
2017-01-27 17:07:41
Ушул экөөнүн жашоосун жаман сенсация кылышты да тим эле койушпайбы эми ажарашса ажырашып кайра жарашып жүрө беришет акча көп ойлоруна келгенди кылышат балдары багылбай калса бир жөн сөз кылгыдай эч түшүнүп жете албай койдум ушуларга
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан