Өкмөт "дүйнөдөгү мыкты 50 мамлекеттин тизмесине кирүүгө Кыргыз өлкөсүнүн кудурети жетет" деп ишенүүдө

Кыргыз Республикасы дүйнөдөгү күчтүү экономикасы бар 50 мамлекеттин катарына кире алат. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда журналисттерге экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн экономикалык абалын башкалардыкына салыштырган үч абройлуу дүйнөлүк рейтинг бар. Алар: "Дуинг бизнес" рейтинги (бизнес жүргүзүүгө түзүлгөн шарттар), "Трансперенси интернешнл" рейтинги (коррупциянын деңгээли) жана Атаандаштыкка туруштук берүү боюнча рейтинг. "Бүгүнкү күндө бул дүйнөлүк рейтингдерде өлкөбүздүн көрсөткүчтөрү мыкты эмес. Учурда биз "Дуинг бизнес" тизмесинде 74-орундабыз. 2009-жылы Кыргыз өлкөсү 41-орунга жетип, мындан кийин анчалык көтөрүлгөн эмес. Бүгүнкү күндө өкмөт Кыргыз Республикасын экономикалары күчтүү 50 мамлекеттин катарына киргизүү боюнча иш жүргүзүп жатат. Канчалык жогору жайгашсак, ошончолук инвестициялар көп келет", - деди Сазбаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
МАЛЫШ
2017-01-27 18:29:19
Кекиртегиерди кичирейтсенер анан жетет
+14
FIRDAUS
2017-01-27 18:41:20
Дуйнодогу эн артта калган алсыз 50 мамлекеттердин катарына кирсек керек
+17
korea
2017-01-27 18:46:11
По словам Лев Толстой,самом деле ... простой!
+8
Tima07
2017-01-27 19:12:53
ушинтип айткандан уялбадыбы. бетда бар экенда.
+11
Arlenchik
2017-01-27 19:58:58
Экономика министри демилге которуп аттыле кубу 3тон ойдо унааларга салыктын пайызын которолу деп,демек эми тушунуктуу болду ошондон тушкон пайыз мн экономиканы которуп 50чу орунга чыгарабыз деп ойлоп атыптыр да,аны келип бу орун басары эртеле суйунчулоп салыптыр тангору десе)))
Кулкуну гана келтиресинер да))))) эптеп бирдемени ойлоп чыгып элден сормой булардын максаты.
+8
Nur1k
2017-01-27 20:00:42
Билбейм силер канттинер достор но мен калп айтпайын 2 минуттай ичими кармап кулдум окшойт)
+7
tyrgon
2017-01-27 20:02:59
биздин олкодо бюджет тура эмес жака жумшалат мисалы алтын жалатылган тош белги джиптер ошолордун ордуна тиги моркту ондоп койсо болотго дейм же ага баштары жетелекпи же жакында жетеби билбейм ))))
+6
Seryi-Kardinal
2017-01-27 20:40:11
Тилегиңерге жеткиле. Айтканыңар келсин!
+2
tynkatar03
2017-01-27 21:58:38
Кой деп койгулачы тиги байболгурду)
+5
Revolyutsiya
2017-01-27 22:11:32
Ушундай жоо жомокчу дооругондор министр, зам.министр, депутат ж.б. болуп бийликте отурганы окунучтуу.

Кыргызстан дуйнодогу алдынкы 50 эмес, 100 олконун катарына кириши кумон, олкодо дээрлик эч нерсе ондурулбой баарын тыштан импорттоп жатканда. Кыргызстандын экономикалык потенциалы ЕАЭБке мучо болгон сон айкын-даана корунуп калды....

Кыскасы Окмот жомок айткыча пайдалуу иш кылышса болмок...
+6
nuris_ali
2017-01-28 01:53:00
Айланайын окмот дуйнонун мыктысына кошулбай эле болгону Эли жерди болбой сатпай тынч кудай деп жашай бергилечи
+5
Aiko_92_29_08
2017-01-29 15:05:02
75 орун бар анын 74-су биз ))
0
Aiko_92_29_08
2017-01-29 15:11:57
Ушу биздин чондорду бир комнатага камап алып камчы менен кууп журуп урсан а
0
adilet17
2017-01-29 20:37:48
Aiko_92_29_08, Туура айтасыз,менда кошулам
0
Shekeev969798
2017-01-29 17:15:54
2009-жылы ким презден эле, Ошол инсан таза иштейт болчу 41-орунга чыккан экен
0
adilet17
2017-01-29 20:35:53
Тынч эле болгулада,бул чондор иштеп жатабыз деп эле жеп жатышса кайдан жетмек эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан