Кар көчкүдөн улам жабылган Мырзаке-Алайкуу жолу толугу менен ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 27-январь күнү саат 11:40та Кара-Кулжа районундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланды.
Эске салсак, 27-январга караган түнү Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун Узун-Колот, Чоң-Казык тилкелеринде 5 жерден көлөмү болжол менен 5 миң метр куб кар көчкү түшкөн. Натыйжада жол жабылган.