Бишкекте Ленинград блокадасын бошотууга катышкандарды эскерүү митинги өттү

Бишкекте Ленинград блокадасын бошотууга катышкандарды эскерүү митинги өттү. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиршти.

"Ленинград блокадасынын 73 жылдыгына арналган эскерүү митинги өткөрүлдү. Иш-чарага блокадачылар, калаа башчысы, Орусиянын Бишкектеги элчиси, шаар тургундары, окуучулар катышты. Анын жүрүшүндө катышуучулар эстеликке гүл коюшту", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек шаарында Ленинград блокадасына катышкан 42 адам бар. Аларга шаардык бюджеттен материалдык жардам көрсөтүлүп, ай сайын стипендия катары миң сомдон берилет. Коомдук транспорт каттамы үчүн акысыз жүрүү мүмкүнчүлүгү каралган. Республикалык бюджеттен компенсация катары 7 миң сом төлөнүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан