Лыжачы Тариэл Жаркымбаев Кышкы Универсиадада Кыргыз өлкөсүнүн желегин көтөрүп чыгат

Бүгүн, 27-январда Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде Алматыда өтө турган Кышкы Универсиадага катыша турган кыргыз спортчуларын узатышты. Анда аталган агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов, Студенттик спорт федерациясынын президенти, “Жаштык” Республикалык борборунун директору спортчуларга ийгилик каалашты. Жолугушуунун соңунда бул оюндарда Кыргыз өлкөсүнүн капитаны катары бекитилген лыжачы Тариэл Жаркымбаевге мамлекетибиздин желеги тапшырылды. Ал оюндардын ачылуу аземинде тууну көтөрүп чыгат.

Эске салсак, Кышкы Универсиада Алматы шаарында 29-январдан 8-февралга чейин өтөт. Буга Кыргыз өлкөсүнөн 10 спортчу катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ofcourse
2017-01-27 19:18:16
Игилик!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан