Бүткүл дүйнөлүк Кышкы Универсиада-2017: Алматы шаарында өтчү мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн 10 спортчу катышат

29-январдан 8-февралга чейинки аралыкта Алматы шаарында (Казакстан) Бүткүл дүйнөлүк Кышкы Универсиада оюндары өтөт. Мелдешке 50дөн ашык мамлекеттен 2 миңден ашык спортчулардын келүүсү күтүлүүдө. 28-ирет уюштурулуп жаткан мелдештин программасында 12 спорт түрү бар.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдешке Кыргыз мамлекетинин желеги астында 10 спортчу катышат. Алар сноубординг, муз үстүндөгү бий жана ски-кросс боюнча күчтөрүн сынашат.

Тоо лыжа спорту боюнча курам: Евгений Тимофеев, Максим Гордеев, Тариэл Жаркымбаев, Кундуз Абдыкадырова.
Биатлон: Николай Матвеев.

Сноуборд: Тимур Губаев, Евгений Кузьмин, Алексей Вакурин, Павел Вакурин.

Муз үстүндө бийлөө: Кристина Бедросова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Blackmoon
2017-01-19 10:09:23
10 элеби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан