SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргызымдын башкаларга үлгү болчу сапаттары" деген тема талкууга алынды.
Темадагы автордун суроосу: "Биз орустарды чынчыл деп коёбуз, немистерди пунктуалдуу дейбиз, дагы башка улуттардын жакшы сапаттарын айтып өзүбүзгө үлгү кылабыз. Суроо: Башка улуттар кыргыздардын кайсы сапатын өздөрүнө үлгү кылса болот?"
Жазылган жооптордон:
"Биз чыдамкай жана өжөр калкпыз. Бат адаптация болобуз, башка улуттар бизди "универсал" болосуңар деп көп айтышат. Бат үйрөнүп, көнүп кетебиз, кандай шарттар болсо да. Меймандоспуз, куулук көп колубуздан келбейт".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.