Учак кырсыгынан жабыркаган 9 адам ооруканадан үйүнө чыгарылды

2017-жылдын 28-январына карата учак кырсыгынан жабыркагандардан 9 адам ооруканадан чыгарылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, дагы 3 адам Курортология жана дарылоо Кыргыз илим-изилдөө институтуна которулду. Ооруканада жаткандардын абалы туруктуу экени айтылат маалыматта. Азыркы учурда учак кырсыгынан жабыркаган 10 адам дарыланууда.

Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жерге Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, 39 адамдын өмүрүн алды. Факт боюнча Транспорттук прокуратура кылмыш ишин козгоп, УКМК менен ИИМ иликтөө жүргүзүүдө. Кырсыктын себептерин Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан