Боинг кырсыгы: Үйү талкаланган жарандарга убактылуу баш калкалоочу жай изделүүдө

"Учак кырсыгынан жабыркагандарды турак жай менен камсыздоо иши чечилгиче, аларга убактылуу жашоочу жай изделүүдө. Анын бир варианты катары Манас айылы каралууда, анткени балдар өз мектептеринде билим алуусун үзгүлтүксүз улантышы керек", - деди биринчи вице-премьер Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда атайын кеңешмеде.

Абылгазиев азыркы учурда негизги милдет кырсыктан жабыркагандарды турак жай менен камсыздоо жана алардын документтерин калыбына келтирүү экенин айтат. Мамлекеттик каттоо кызматы жабыркагандарга документтерин акысыз жана тез арада жасап берүүгө милдеттендирилген. Ата-энесиз калган балдардын келечегине кам көрүүгө бардык аракет жумшалары айтылды.

Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жерге Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, 39 адамдын өмүрүн алды. Факт боюнча Транспорттук прокуратура кылмыш ишин козгоп, УКМК менен ИИМ иликтөө жүргүзүүдө. Кырсыктын себептерин Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tyrgon
2017-01-28 19:24:38
хм башталды эртен эмне болот экен эми чонулган акча жоголуп кетти болот да
0
u.n.m
2017-01-28 21:37:17
Ырас шаарга жакындап жайгашышат экен да
+2
jass
2017-01-29 06:40:51
эл берген акчага баардык жабыокагандарга особняк менен камсыз кылса жетип артат
-3
Shekeev969798
2017-01-29 17:07:27
U.n.m Озуна карап суйлосон сага окшогон ХХХ Кыргызстандын онугушуно тоскоолболуп жатышат,созлун ачыгын айтканда сен душмандын созун суйлоп жатасын
-2
admin_portal
2017-01-30 10:35:48
Shekeev969798, этика нормаларын сактаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан