ЖЫЛНААМА, 30-ЯНВАРЬ: 92 жыл мурун компьютердик "чычканды" ойлоп тапкан америкалык окумуштуу Дуглас Карл Энгельбарт төрөлгөн

Мындан 92 жыл мурун, 1925-жылы 30-январда америкалык окумуштуу жана ойлоп табуучу Дуглас Карл Энгельбарт АКШнын Орегон штатындагы Портленд шаарында туулган.

Дуглас Энгельбарт 20дан ашык жаңы ойлоп табуулардын автору. 1968-жылы 9-декабрда ал коомчулукка компьютердик "чычканды" ойлоп тапкандыгын Сан-Францискодо өткөн эсептөөчү техниканын конференциясында жарыялаган. Алгачкы "чычкан" жыгачтан жасалып, кичинекей дөңгөлөктөрү жана бир баскычы болгон. Анын зымы чычкандын куйругуна окшош болгондуктан ушул аталышты алып калган. Ичинде металлдан жасалган эки диск жайгашкан. Бирөөсү "чычканды" алдыга жылдырганда айланып, экинчиси оң жана сол жакка кыймылдоосуна жооп берген. Анын башка ойлоп табууларынын катарында колдонуучунун графикалык интерфейси, гипертекст, текст редактору, топтук онлайн-конференциялар бар.

Ойлоп табуучу 2013-жылы 2-июлда 88 жашында көз жумган.

30-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан