Экономика министрлигинин имаратынын 2-кабатынан кулап кеткен аялдын абалы туруктуу

Экономика министрлигинин имаратынын 2-кабатынан кулап кеткен аялдын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда SUPER.KG порталына Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун №4-бөлүмүнүн башчысы Арстан Иманалиев билдирди.

"Бейтаптын абалы туруктуу. Учурда операцияга даярдыктар жүрүүдө. Анын оң буту кыр сөөгүнөн жана сол бутунун кызыл ашыгы сынып кеткен. Ошондой эле баш мээси чайкалган", - деди Иманалиев.

Айта кетсек, окуя 26-январь күнү түштөн кийин болгон. Анда Экономика министрлигинде пол жууп иштеген 63 жаштагы Б.А. 2-кабаттагы терезени тазалап жатып кулап кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ananai
2017-01-30 11:42:11
Пенсионер экен.Батыраак сакайып кетсин.Боорум ооруп кетти.Кедейбиз да.Нан таап журуп балакетке учураптыр.
+8
guli-1980
2017-01-30 12:55:01
Эшикте суук болсо айнекти жууштун кереги бар беле?
+4
Arlenchik
2017-01-30 18:30:06
Кыйратып айлык толоп койгонсуп завхозубу кимиси устунон караган бироо барда указания берип койду да,болбосо кышында сырткы терезени жууштун эмне кажети бар эле.
+1
Kroxa
2017-02-01 02:05:57
Ушу биздин приказчыларыбыздыкы отту го,,карган кишини терезе жуудурбай кое турса болот беле???март боло элек го..ден соолугуна доо кетти ким жооп берет эми???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан