Бишкек шаарындагы “Аккула” ат майданы мэриянын карамагына 2017-жылдан тарта өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Гуля Алмамбетова SUPER.KG порталына бүгүн, 30-январда билдирди.
Маалыматка ылайык, "Аккула" ат майданын мындан ары Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы көзөмөлдөйт.
Эскерте кетсек, ат майдан биринчи ирет 1995-жылы менчиктештирилип жана 57 гектар жери 814 миң сомго, экинчи ирет 2003-жылы 100 миң сомго сатылган.
Белгилей кетсек, улуттук маанидеги объекттерди менчиктештирүүгө мыйзам боюнча жол берилбейт.