Канаданын Квебек шаарындагы кол салуудан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок
Канаданын Квебек шаарындагы кол салуудан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 29-январь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00 чамасында болгон. Анда белгисиз 3 адам Ислам маданият борборунда намаз окуп жаткандарга карата ок чыгарган. Анын кесепетинен 6 адам каза болуп, 8 адам жабыркаган. Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо окуяны "мусулмандарга карата теракт" деп сыпаттады. Полиция эки адамдын кармаганын жана кол салуунун мотиви такталып жатканын билдирди.