ЖЫЛНААМА, 30-ЯНВАРЬ: Чыгармалары эң көп которулган жазуучу катары рекорд койгон Сидни Шелдон 10 жыл мурун көз жумган

Мындан 10 жыл мурун, 2007-жылы 30-январда ысымы "бестселлер" деген сөздүн синонимине айланган америкалык жазуучу, сценарист Сидни Шелдон 89 жаш курагында пневмониядан көз жумган. Ал 1917-жылы 11-февралда АКШнын Чикаго шаарында төрөлгөн. Жазуучунун романдары 56дан ашык тилге которулуп, 300 миллиондон ашык нуска менен 100дөн ашык өлкөгө тараган. Анын чыгармаларынын негизинде 25 тасма жарык көргөн. Сидни Шелдон деген ысым "Гиннесстин рекорддор китебине" чыгармалары эң көп которулган автор катары кирген. Жазуучунун белгилүү чыгармалары: "Эч нерсе түбөлүктүү эмес", "Акыр заман", "Сен караңгылыктан коркосуңбу?" жана башкалар.

С.Шелдон 1947-жылы "Бойдок жигит жана секелек кыз" тасмасына жазылган сценарийи үчүн "Оскар" сыйлыгына татыган. Криминалдык драма, детектив жана сүйүү романдары жанрында эмгектерди жараткан. Окурмандары анын чыгармаларындагы каармандардын тагдырларын өзгөртүп коюусун талап кылып жазуучуга кайрылышкан. Ошентип, "Периштелердин өчү" романындагы окуянын жүрүшүн өзгөрткөн.

30-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nur_zhoni
2017-01-31 01:00:27
Биздин Чынгыз Айтматов агабыздын "жамиля" чыгармасы 200дон ашуун тилге которулган беле же мен адаштымбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан