"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Кызыл-Кыя шаарындагы ооруканада жаңы даараткана 1 айдан соң колдонууга берилет

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы аймактык ооруканада жаңы даараткана чилде чыккан соң, бир айдай убакыттын ичинде ишке кирет. Бул тууралуу аталган оорукананын директору Абдрасул Жаныбеков SUPER.KG порталына билдирди.

"Оорукананын аймагында жоопкерчилиги чектелген коомдун демөөрчүлүгү астында жаңы даараткана салынууда. Ал бир айдын ичинде колдонууга берилет. Учурда бейтаптар оорукананын ичиндеги жана анын жанында жайгашкан мечиттин дааратканасына барып жатышат", - деди Абдрасул Жаныбеков.

Эскерте кетсек, бүгүн, 30-январда "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман аталган оорукананын дааратканасына кирүүгө мүмкүн болбой калганын жана ага эч ким көңүл бурбай жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
baltabai
2017-01-30 16:21:47
Абдрасул Жаныбековго эми жетиптирго ээээээээ
+1
baltabai
2017-01-30 16:23:29
Уйкудан эми туруптурго. Э
0
Tenirova
2017-01-30 16:25:34
Ой болот экенго
+1
jike
2017-01-30 16:47:21
бала ыйлабаса эмчек кайда деген соз барго качан айтып дегенден кийин анан аракет кылыш керек беле! Эчким айтпаганда журо бермекда эски дааратканага кирип
+2
nurbek11
2017-01-30 19:07:24
Супер инфо чон рахмат сиздерге. Ушул биздин унубуз жетпеген чиновниктерибизге унубузду жеткизип атасынар. Туштон кийин элди ойлоп калышат дароо эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан