Бүгүн, 30-январда Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы өтүп, шаардын мэри тандалмак. Мэриянын басма сөз катчысы Кызжибек Абдимиталипованын SUPER.KG порталына берген маалыматы боюнча, сессияга 31 жергиликтүү депутаттан 19у гана келгендиктен, мэрди шайлоо күнү башка күнгө жылдырылды.
"Сессия саат 9:00дө башталмак, мыйзамга ылайык, 3 саат күттүк. Эми сессия кайрадан 3 күндөн кийин өтмөкчү. "Ак шумкар", "Кыргызстан" жана "Эл аман" партияларынын депутаттары келген жок", - деди катчы.
Мэрликке "Биздин шаар" каолициясынан Данияр Шабданов, "Ак шумкар" партиясынан Кубанычбек Жанболотов көрсөтүлгөнү маалым болду.
Мыйзамга ылайык, эгер депутаттар экинчи ирет шайлоого чогулушпаса, шаардык кеңеш таркатылат.