"Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасы дренаждык тутумдарды тазалоо, жазга даярдоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жашылдандыруу" ишканасы Сеченов, Ак-Тилек, Орозбеков жана Щербаков көчөлөрүнөн Батыш Чоң Чүй каналына чейинки дренаждык тутумдарды тазалоо иштерин аткарды. Азыркы убакта арыктарды тазалоо иштери калаанын башка көчөлөрүндө да жүргүзүлүүдө. Ишкана бүгүнкү күндө 86,6 чакырым арыкты тазалап, көзөмөлдөйт", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Бишкек шаарынын мэриясы курулуш компанияларынын, соода күркөлөрүнүн жана башка чарба ишканаларынын кызматкерлерин, шаар тургундарын кызматкерлердин эмгектерин сыйлоого жана арыктарга таштанды таштабоого чакырат.