Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгы 3 885 468 сом көлөмүндөгү акча каражатын чогултуп, Боинг кырсыгынан курман болгондордун жакындарына тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-январда муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу менен өлкө аймагындагы мечиттерде учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам көрсөтүү максатында атайын кутучалар коюлуп, андан 3 885 468 сомдук жардам чогултулган. Ал эми муфтияттын түзүмүндөгү 166 дин кызматкери 1 күндүк эмгек акылары болгон 105 700 сомду Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ачылган эсепке которуп берген.
"Бүгүн, 30-январда муфтий Максатбек ажы Токтомушев, Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов кырсыктан көз жумгандардын жакындары менен жолугушуп, чогултулган 3 885 468 сом акча каражатын жардам катарында таратышты. Муфтият тарабынан түзүлгөн комиссиянын чечими менен курман болгондордун ар бирине 100 миң сомдон акча каражаты каралса, ооруканада жаткандарга 20 миң сомдон берүү чечилген", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Москва шаарындагы Кыргыз жарандары тарабынан чогултулган 400 миң рубль акча каражаты курман болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга таратылып берилди.
Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жердеги Аэрофлот дачалык тилкесине Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, 39 адамдын өмүрүн алды. Факт боюнча Транспорттук прокуратура кылмыш ишин козгоп, УКМК менен ИИМ иликтөө жүргүзүүдө. Кырсыктын себептерин Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтеп жатат.