Өткөн жылы өлкөдө коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин өнүктүрүү боюнча кызматташуу иштери активдүү болду. Бул тууралуу өкмөттүн 30-январдагы жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков билдирди.
Маалым болгондой, мамлекеттик чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча Кыргыз-Өзбек жана Кыргыз-Тажик өкмөттүк делегацияларынын иши жаңырып, кайра активдешти.
Аталган иштин натыйжасы боюнча, жалпы узундугу 236 чакырым болгон Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасынын 49 тилкеси такталды. Кыргыз-Тажик биргелешкен мамлекеттик чек арасынын жалпы узундугунан (970,8 чакырым) Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйындарында каралганы жана бекитилгени 520 чакырымга жакын саналат.
Вице-премьер-министр үстүбүздөгү жылы аталган багыттагы иштер улантыларын билдирди.