Грузияда 3 күндөн бери жаап жаткан кар миңдеген жашоочуларды электр жарыгысыз калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кардын калыңдыгы Аджари районунда жарым метрге жеткен. Ал эми тоолуу аймактарда 2 метрден ашат. Калың кар электр зымдарына зыян келтирип, 5 миңден ашуун турак үй жарыксыз калган. Учурда техникалык топ калкка жарык берүү аракетин көрүүдө. Аба ырайынын катаал шартынан улам жолдор жабылып, көптөгөн окуучулар мектепке бара албай калышкан. Жыйынтыгында 76 мектепте сабактардын жүрүшү үзгүлтүккө учураган.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, аталган өлкөдө аба ырайы 1-февралдан баштап турукташат. Учурда өлкө аймагында "Батуми" Эл аралык аэропорту 3 күндөн бери жабык турат.