Унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, унаалар ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл

Унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, унаалар ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-январда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Ушундай эле абал Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Ак-Таш, Казарман-Ак-Тал-Чат, Каракол-Эңилчек, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолдорунда да сакталат. Ошондой эле жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелүүсү зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
baltabai
2017-01-31 09:53:50
Osh bishkek jolunda sak bolgula jurgunchulor
+2
baltabai
2017-01-31 09:54:23
Aman sen uigo jetip algyla
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан