Өлкө аймагында быйыл 400 гектар жерге тамчылатып сугаруу системи орнотулат. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда SUPER.KG порталына Айыл чарба министрлигинин Прогрессивдүү технологияларды киргизүү борборунун жетекчиси Аскар Сагынбаев билдирди.
"Тамчылатып сугаруу системин быйыл 2017-жылы 400 гектар жерге коюуну пландап жатабыз. Буга чейин акыркы 3 жыл аралыгында 1800 гектар жерге коюлган эле. 2017-жылдагы жыйынтык менен жалпы 2200 гектар жерге тамчылатып сугаруу системи орнотулат. Ал эми күнөсканалардын санын көбөйтүү аракетин көрүп жатабыз. Жыл ичинде 350 даана күнөскана курууну пландап, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп окуу, семинарларды өткөрүп жатабыз. Буга чейин 1400дөн ашуун күнөскана курулган", - деп билдирди Сагынбаев.
Аскар Сагынбаевдин маалыматына ылайык, учурда Израилден келген адистер тамчылатып сугаруу боюнча теориялык окутууларды Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында жүргүзүшүүдө. Дыйкандарды окутуу иштери жаңы жыл алдында башталган.