Бишкек шаарында мектеп куруу - курч маселелердин бири. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өлкө эгемендүүлүк алгандан тарта Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда 10 гана мектеп курулган.
"Жаңы конуштарда мектеп курулганы менен, Бишкек шаарынын ичинде бир да мектеп курулган эмес. Калктын саны өсүп жатат. Окуучулардын саны көп болууда. Ошондуктан министрлик тарабынан №25, №5-мектептерин оңдоп-түзөө сунушталды", - дейт министр.
Белгилей кетсек, өкмөттө социалдык мекемелердин курулушу тууралуу маалымат жыйыны өтүүдө.