Бишкекте 12 жаштагы кыз изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2004-жылы туулган Элена Боскунбаева 2017-жылдын 30-январь күнү Бишкек шаарынын Вторая Линия көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Учурда анын кайда экени белгисиз болууда.
Ошол күнү көк юбка, ак түстөгү күрмө, кызгылт моюн орогуч жана кара өтүк кийип жүргөн. Эгер аны көрүп-билгендер болсо, 0703 40-16-00, 0553 10-24-65, 0(312) 35-29-47, 35-26-05 же 102 номуруна чалып, кабарлап койсоңуздар.