Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыкчам бөлүмдөрүнүн кызматкерлери учурдагы абалды көзөмөлдөп жатышат. Бул тууралуу 31-январда министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
"Кыргыз өлкөсүнө интернет аркылуу өлүмгө тартуу оюну Орусиядан келди. Белгилүү болгондой, орусиялык интернет ааламында өспүрүмдөрдү өлүмгө үндөгөн виртуалдуу оюндар жайылган. Өзүн өзү өлтүрүү боюнча бир нече факт катталган соң өлүмгө чакырган "топтун" администратору кармалган", - деп айтылат маалыматта.
Шектүү сайттарга байкоо жүргүзүүдөн тышкары Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Өспүрүмдөрдүн иши боюнча инспекциясынын алдына билим берүү мекемелеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселеси коюлган.
"ИИМ жарандардын жазышуусун толугу менен көзөмөлдөй албайт, себеби ар бир аккаунтка кирүү мүмкүн эмес. Интернеттин айынан бир да адам өзүнүн өмүрүнө кол сала элек. Мындай окуялардын алдын алуу боюнча иш жүргүзүү ИИМге гана тиешелүү эмес. Бул маселе боюнча бейөкмөт уюмдар, Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана башка социалдык кызматтар иш алып барышы керек. Мектептерде жогорку окуу жайларда тарбиялык иш-чараларды уюштуруу зарыл. Ошол эле учурда ата-эненин кыраакылыгы да чоң роль ойнойт", - деп жазылат маалыматта.
Интернет айдыңында өспүрүмдөрдү өлүмгө түрткөн виртуалдуу оюндардын жайылышы көзөмөлгө алынарын билдирди ИИМ.