Бүгүн Ат-Башы районунун Дыйкан айылында турак жайларды суу каптап кетүү коркунучун жоюу боюнча иштер жүрөт

Ат-Башы районунун Дыйкан айылында турак жайларды суу каптап кетүү коркунучун жоюу боюнча иштер жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-январь күнү аталган айылдын Кыш заводу тилкесинде Кара-Суу суусу өз нугунан ашып, анын кесепетинен муз катмарлары пайда болгон. Мындан улам бир турак жайды суу каптоо коркунучу жаралган.

"Учурда башка турак жайларды жана короолорду муз каптап кетүү коркунучу жок. Бүгүн Ат-Башы райондук жана айыл аймактык Жарандык коргоо комиссиясы жерине барып, муз каптоонун алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштери жүрөт", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан