Социалдык фонд: "Пенсионер каза болcо, сөөгүн коюуга 15 миң сом берилет"

Кыргыз Республикасында пенсионер каза болcо, сөөгүн коюуга 15 миң сом берилет. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө бардык пенсионерлер боюнча бирдей сумма берилет. "Акча пенсионердин каза болгону тууралуу күбөлүк Социалдык фондго түшкөндөн кийин берилиши керек. Күбөлүк түшкөн учурда мекемеде акча болсо, 15 миң сом ошол күнү берилет", - деди Абжапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Keremet008
2017-02-01 12:49:22
А акча жок бп калса кайсы куну берилет? Жылдыгы чыкканга чейин созот аны да
+4
Sema87
2017-02-01 19:50:12
соз деп эле айтым коюшат алар
0
erkekyz1
2017-02-01 23:49:43
соз деп эле айтып коюшат эмес. олгондугу тууралуу кагаз даяр болгондо соцфонд уруксаат кагаз менен пенсионер акчасын кайсы почтадан алып жургон болсо ошол жакка жиберет. жакындары почтодон барып алып алышат. бул закондуу турдо бериле турчу акча. и жылдыгына чейин созбойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан