Казакстандык балдар авиакырсыктан жабыркаган Султан менен Жакшылыкка жардамын ырчы Асел Турдалиевадан берип жиберишти. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына бүгүн, 1-февралда билдирди.
Асел Турдалиеванын айтымында, ал Караганда шаарына бий ансамбли менен бирге концерт коюп барган. Кичинекей күйөрмандар Кыргыз өлкөсүндөгү авиакырсыктан ата-энеси жана бир туугандарынан айрылган Султан менен Жакшылыкка акчалай каражат чогултуп, ырчыдан берип жиберишкен.
"Кичинекей балапандай болгон балдар чөнтөгүндө болгон акчаларын чогултуп, менин берип коюшумду өтүнүшкөн. Мен ал балдардын даректерин билбегендиктен, силер аркылуу берип жиберейин дедим. Бул жакшылыкты уккан университетте билим алган чет элдик студенттер да бир аз да болсо каражат чогултуп мага беришти", - деген ырчы Асел Турдалиева чогулган жардамды SUPER.KG порталына өткөрүп, өз дарегине жеткирип коюшубузду суранды.
Эскерте кетсек, ырчы учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде иштейт. Авиакырсыктан жабыркагандар үчүн университеттин эмгек жамааты бир күндүк айлык акысын которгонун кошумчалады ал.
Жакшылык менен Султандын жакындары көрсөтүлгөн жардамга ыраазы экенин билдиришти.
"Кыргыз эли жардамын аябай берип жатат. Казак элинен да жардам келди. Ыраазыбыз. Тилекке каршы, эми каза болгондорду кайтара албайбыз", - деди Султандын чоң апасы Бурулкан Жумалиева.