Эл аралык "Ататүрк-Ала-Тоо" университетинин террордук идеяларды жайылтуучу уюмга тиешеси жок экендигин аталган окуу жайдын басма сөз катчысы Зафарбек Сулайманов SUPER.KG порталына бүгүн, 1-февралда билдирди.
"Биз буга чейинки позициябыздан кайтпайбыз. Биздин чет өлкөдө болуп жаткан ички саясий окуяларга тиешебиз жок. Университет мыйзам чегинде каттоодон өтүп, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Акыркы эки жылда биздин окуу жайды Кыргыз мамлекетинин тиешелүү мекемелери текшерип, мыйзам чегинде иштеп жатканына күбө болушкан", - деди ал.
Белгилей кетсек, 30-январда түркиялык "Hürriyet" басылмасы Стамбулдун прокуратурасы "Фетхуллах Гүлендин террордук уюмуна тиешелүү" деп чет жердеги окуу жайлардын тизмесин жарыялагандыгын билдирген. Алардын арасында Эл аралык "Ататүрк-Ала-Тоо" университети дагы болгон.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын 16-июлунда Түркияда аскердик төңкөрүш жасалып, аны уюштурууга АКШда жашаган Фетхуллах Гүлен айыпталган.
Эл аралык "Ататүрк-Ала-Тоо" университети 1996-жылы түзүлгөн. Анда учурда 2200 студент билим алып, алардын 10 пайызын чет өлкөлүктөр түзөт.
Белгилей кетсек, аталган университетти алып баруучулар Нурзат Токтосунова, Санжар Мыкыев, Нурсултан Майназаров бүтүрүшкөн.