Бишкектеги №12-мектепте 8-класстын окуучусу каза болгонго чейин ата-энелер чогулушу өткөн. Бул тууралуу аталган мектепте билим алган окуучунун атасы Канатбек Мурзахалилов бүгүн, 1-февралда SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, чогулуш 30-январда өткөн.
“Анда өспүрүмдөрдүн өзүнүн өмүрүнө кол салуу маселеси боюнча презентация көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда өспүрүмдөрдү суицидге түрткөн интернеттеги оюндардан балдарды коргоо тууралуу сөз болгон. Мектептин директорунун орун басары Галина Юрьевна ата-энелерге балдарынын уюлдук телефондорун текшерүү маселесин айткан. Жыйналыштан келгенден кийин балабыздын телефонун текшерип, ага эскертүү бергенбиз”, - дейт ал.
Ал буга чейин деле суицид тууралуу темада чогулуш өткөрүлүп келгенин, каза болгон окуучу анын баласы менен тең куракта болгонун айтты.