Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча жүздөгөн жаңы төрөлгөн ымыркайлар балдар үйүнө ташталат. Анын ичинде Кыргыз өлкөсүндө да ташталган балдар ондоп саналат. Балдар үйүндө чоңойгондордун жашоосу кандай болору бүдөмүк. Дилбар Асанакун кызын да өз ата-энеси таштап кеткен. Ал чоочун адамдын колунда чоңойсо да, эч нерседен кем болбой өскөнүн айтат.
"Үч айлык наристе кезимде өз ата-энем бир үйдүн короосуна таштап кетишиптир. Үйдүн ээлери мени багып чоңойтушту. Эч нерседен кем кылбай багып өстүрүштү. Эс тартып, бой жеткенде атам багып алганын айтпай кайтыш болду. Кийинчерээк апам багып алышканын айткан, ал да каза болуп, жашоодо жалгыз калдым. Атамдын мурдагы аялынан 10 баласы бар. Алар менен байланышым жок, ооруп жатканымды деле билишпейт", - дейт Дилбар Асанакун кызы.
Ал Тоң районунун Дөң-Талаа айылында өскөн, азыр 27 жашта. Кайгы артынан кайгы коштоп, бактысыз жашоодон башы арылбай келгендей. Алгач өз ата-энеси боор этинен бүткөн чүрпөсүн таштап кетсе, эс тарткандан кийин багып алган ата-энесинен айрылып, кийинчерээк турмушка чыгып, бир балалуу болушканда жолдошу да каза болуп калган. Кийинки жолу турмушка чыгып, жолдошу 3 айлык кош бойлуу кезинде таштап кеткен. Эми ичегинин рак илдетине кабылып, азапка батып отурат.
"Таштап кеткен күйөөмдөн ай-күнүм жетип төрөп алдым. Башында жолдошум төрөбөй эле кой деп жүрдү. Анын оюна макул болуп ооруканага барсам, дарыгерлер түйүлдүктүн жүрөгү согуп калыптыр дегенинен тим койгом. Мындан улам ал мени таштап баса берди, нике кагазын да алган эмеспиз. Балам төрөлгөндө "ооруканадан чыгарып кет" деп суранып жатып күйөөмдү макул кылдым. Андан бери өзү кайрылган жок, туугандары да келген жок. Азыр экинчи балам 1,5 жашка чыкты. Улуу балам 1-класста окуйт", - деп кошумчалады каарманыбыз.
Дилбардын кичине баласын кайрымдуу адамдар "карап беребиз" деп алып кетишкен. Анткени ал рак илдетине чалдыгып, 5 оор операцияны башынан өткөргөн. Ал соңку убактарда 6 жолу химиялык жол менен дарыланган. 7 айдан бери атайын түтүктөрдүн жардамы менен заара кылат.
"Кайрымдуу адамдар көп экен, жардам колун сунушууда. Бирөөсү акчалай жардам берсе, дагы бири азык-түлүк берет. Бир эже абалымды көрүп, "балаңдын бирин карап берейин" дегенинен бергем. Баламды 3-4 күндө барып көрүп турам. Араб өлкөсүнүн кайрымдуулук фонду май айына чейин батирдин акчасын төлөгөн. Мындан сырткары алар дары-дармегиме каралашып турушат. Алар мага канча убакытка чейин жардам беришери белгисиз", - дейт Дилбар Асанакун кызы.
"Өлөрүңдү билип калсаң мага чал, мен балдарыңды багып алайын" деген адамдар көңүлүмдү сындырууда. Көзүм тирүү кезде балдарымды өзүм багам. Дарыгерлер да мага үмүт берип, айыгарымды айтып жатышат. Мен капаланбашым керек, балдарым үчүн күчтүү болуп, оорум менен алышам", - деп көзүнө жаш алды каарманыбыз.
Дилбар Асанакун кызы акыркы күндөрү арыктап, учурда 36 килограмм салмакта. Ага карабай кайрымдуу адамдардан, жашоодон үмүтүн үзбөй, ар бир таңда уулун мектепке жеткирип, көбүрөөк күлүп жүрүүгө аракет кылат.