Кыргызгидромет: "Быйылкы кышта кар нормадан көбүрөөк жаап жатат"

3-4-февраль күндөрү кар жаап, кар көчкү түшүү коркунучу жогорулайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология агенттигинин башчысы Зарылбек Итибаевге таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери уюштурулууда. "2017-жылдын 30-31-январь күндөрүнө карата өлкөнүн көпчүлүк аймагында кардын калыңдыгы 21 сантиметрди түзсө, "Ит-Агар" станциясында 85 сантиметрди түздү. Буга чейинки жылдарга салыштырмалуу быйылкы жылдын көрсөткүчү 167 пайызга жогору болууда", - деди Итибаев.

"2016-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин өлкөнүн көпчүлүк аймагында кардын жаашы нормадан 125-190 пайызга көбүрөөк болду. Тоолордо кардын топтолушу апрель айынын башына чейин улантылат", - деп билдирди аталган агенттиктин башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
MAKALAK
2017-02-02 09:13:10
Жаай берсин
+3
leilekstan_1987
2017-02-02 09:29:37
Жаасын!!! Ато монгулорду.да жеп бутмой болдунар эле
+6
tuigan.
2017-02-02 09:48:26
Кептин баары бир Аллахда.шугур кылып жашайбыз
+4
akush97
2017-02-02 10:05:31
3-февраль Ошко эсен-аман жетип алсак экен.
+2
Keremet008
2017-02-02 10:06:45
Жаай берсин кыштын кыштай болгону жакшы. Эгин тегин мол болот чоп жакшы чыгат
+4
baltabai
2017-02-02 10:19:24
Suuudagy jakshy bolot elge
+3
Kroxa
2017-02-02 10:58:19
Много снегов,много хлебов..дейт орустар,,жакшы эле эгин тегинге кургакчылыктан монгулор да тугонуп баратты эле...
+2
Baatur7777
2017-02-02 11:53:56
Биз жакта уже эле 60-80 жаап салган дагы жааса каар чыгарып атып эс оойт го жазга чейин)))
+2
jike
2017-02-02 13:18:16
тескерисинче башка жылдарга салыштырмалуу бизде Лейлекте быйыл кар аз жаап жатат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан